Тоң районунун акими бардык айылдардын WhatsApp тайпаларында отурат
RU

Тоң районунун акими бардык айылдардын WhatsApp тайпаларында отурат

Все самое интересное в Telegram

Тоң районунун акими Бактыбек Осмонов жергиликтүү тургундар менен байланышуу үчүн бардык айылдардын WhatsApp тайпаларына киргенин айтты. Анын айтымында, жашоочулар көйгөйлөрүн түз эле билдирип, жардам сурай алышат.

Акимдин телефону сутка бою ачык. Тургундар кайрылган маселелерди мүмкүн болушунча тез арада чечүүгө аракет кыларын белгиледи.

Осмоновдун айтымында, мурда эл менен жолугушуу үчүн айылдарды кыдырып чыгууга туура келсе, азыр айрым маселелерди мессенджер аркылуу эле чечүүгө мүмкүн болуп калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18488