Бишкектеги автобустарда жол кире боюнча жаңы эрежелер киргизилиши мүмкүн
Бишкектеги автобустарда бир жолку төлөм менен 1 сааттын ичинде акысыз которулуу системасы кириши мүмкүн. Бишкек мэриясы тиешелүү токтом долбоорун талкууга чыгарып, шаардык кеңештин кароосуна да жөнөткөн.
Демилгенин максаты - автобустарда жана электробустарда жол кирени накталай эмес түргө толук өткөрүү.
Долбоорго ылайык, жол акысы өзгөрбөйт, 17 сом бойдон калат. Ал эми чакан автобустардагы тариф 20 сом болот. "Тулпар" картасы менен төлөм жүргүзгөндөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөттүн ичинде башка автобуска түшсө акысыз жүрө алышат.
Мэриянын эсептөөлөрү боюнча, жаңы системаны ишке ашыруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 307,2 миллион сом чыгымдалат.
Эгерде жаңы эрежелер Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан бекитилсе, 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кириши мүмкүн.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
