Бишкекте июлдан баштап автобустар түндө дагы каттамга чыгат
RU

Бишкекте июлдан баштап автобустар түндө дагы каттамга чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров 1-июлдан баштап Бишкектин коомдук транспортунда чоң өзгөрүүлөр болорун "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Айтымында, бардык каттамдар жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кайра каралат.

Ага ылайык, автобустардын номерлери өзгөрөт, эми алар 1ден 72ге чейин болот.

Ошондой эле шаардын негизги райондорунун ортосунда саат 22:00дөн 05:00гө чейин 40 мүнөттүк интервал менен автобустар ишке киргизилет. Бул тажрыйба жол кире толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин колдонулат деп белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17988