Адылбек Касымалиев ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого чакырды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды балдарын кароосуз калтырбоого чакырды. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Төрага 26-июнда Кегети капчыгайында сөөгү табылган 6 жашар баланын ата-энесине көңүл айтты. Ошондой эле Талас районунда 15 жаштагы баланы издөө уланып жатканын билдирди.
"Тилекке каршы, акыркы күндөрү өлкөбүздө ушундай кайгылуу кырсыктар катталды. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрине издөө-куткаруу иштерин жеке көзөмөлүнө алып, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырып, улам маалымат алып турдум.
Бул оор күндөрдө Кыргызстандын эли дагы бир жолу өзүнүн боорукердигин, ынтымагын жана кайдыгер эместигин көрсөттү. Кырсыкка кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн биригип, издөө иштерине активдүү катышкан бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирем", - деди Касымалиев.
Ошондой эле ал бардык ата-энелерге кайрылып, балдарды 1 мүнөткө да кароосуз калтырбоого чакырды.
"Урматтуу ата-энелер! Дарыялардын, көлдөрдүн жана башка суу объектилеринин жанында өтө этият болуп, балдарыңыздарды бир мүнөткө да кароосуз калтырбаңыздар.
Сууда коопсуздук эрежелерин так сактап, өзгөчө жайкы каникул учурунда балдарга көңүл буруңуздар. Биргелешип аракет кылганда гана мындай кайгылуу окуялардын алдын алып, адам өмүрүн сактап кала алабыз", - дейт төрага.

