Аймактардан ипотекалык үйлөрдү алуунун жеңилдетилген шарттары күчүнө кирди
11
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу өлкөнүн аймактарынан батир сатып алуунун жаңы шарттары күчүнө кирди. Бул туурасында ипотекалык компаниядан кабарлашты.
Жаңы шарттарга ылайык, эми аймактардан батир алуу үчүн баштапкы төлөм катары батирдин баасынын 30 пайызын төгүү керек. Ал эми дагы 20 пайызды батир колго тийгенге чейинки убакта төлөө зарыл. Бул үчүн белгилүү бир төлөм графиги болбойт. Ошентип батирди алганга чейин жалпы 50 пайызды төлөп бүтүү керек.
Батир пайдаланууга берилгенден кийин калган сумма 15 жылга чейин жылдык 8 пайыз менен төлөнөт.
Мындай жеңилдиктер Бишкек жана Ош шаарларындагы ипотекалык турак үйлөргө тиешелүү эмес.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18187

