Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасма тартылды
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган "Жусуп" аталышындагы толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасма тартылды.
Тасма "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы тарабынан тартылып, XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Тартуу иштери Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.
"Жусуп" тасмасынын улуттук бет ачары 25-августка белгиленген жана Эгемендүүлүутүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат.
Тасманын режиссёру - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев.