Шйалоого катышкан кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акысы сакталат
RU

Шйалоого катышкан кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акысы сакталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты - жумуш күнүнө (шаршембиге) туш келген шайлоо күнүндө жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусун камсыз кылуучу укуктук механизмди белгилөө болуп эсептелет.

Мыйзам менен Эмгек кодексине жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга төмөнкүлөрдү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

  • Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү дем алыш күнү болуп саналат;
  • кызматкер добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган шартта ошол күн үчүн 1 күндүк орточо эмгек акысы сакталат;
  • жарандардын добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган учурда Министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү каралышы мүмкүн;
  • жарандардын президенттик жана парламентти шайлоодо добуш берүү күнү камсыздандыруу стажына кошулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18389