Лейлекте көмүр казган ишканалар мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирген
RU

Лейлекте көмүр казган ишканалар мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан Баткендин Лейлек районундагы көмүр казуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды дешет Башкы прокуратурадан.

Маалым болгондой, "К-А" жана "К-А П" ишканалары бөлүнүп берилген жер тилкелеринен тышкары 100 519 м² токой жеринин кыртышын мыйзамсыз бузуп, 739 494 м³ көлөмүндө калдыктарды төккөн жана жаратылышты пайдалануу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү төлөшкөн эмес.

Натыйжада токой жерлерине 66 млн 342 миң 540 сом зыян келтирилип, бюджетке 135 млн 214 миң 453 сом түшпөй калган. Жалпы зыян 201 млн 556 миң 993 сомду түзгөн.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18397