Кыргызстан менен Өзбекстан Чечме булагын чогуу пайдаланууну макулдашты
130
Кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
"Ынтымак Ордодон" билдиришкендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту. Андан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишим;
- Министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- өкмөттөр ортосундагы 2004-жылдын 24-июлундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
- Министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;
- өкмөттөр ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
- Коргоо министрлиги менен Өзбекстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
- Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Маданият министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга маданият жаатындагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
- Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга агроөнөр жай комплексиндеги эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планы;
- Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Туризм боюнча комитетинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы;
- Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
- Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18398