Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге "Манас" орденин тапшырды
RU

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге "Манас" орденин тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге I даражадагы "Манас" орденин тапшырды. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон" кабарлашты.

Маалымдалгандай, мамлекеттик сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.

"Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин белгиледи. Ал бул сыйлык Өзбекстандын лидеринин эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн кыргыз элинин терең ыраазычылыгынын белгиси экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, бүгүн, 30-июлда Чолпон-Ата шаарына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы менен келди. Аларды өлкө башчы Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18401