Буга чейин да 3 суткага камалган. Бишкекте аялды жакалаган киши аныкталды
RU

Буга чейин да 3 суткага камалган. Бишкекте аялды жакалаган киши аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде аялды жакалаган киши мас абалда болгон. Бул туурасында Биринчи Май РИИБден кабарлашты.

Буга чейин соцтармактарга белгисиз киши улгайган аялды жакалап жатат деген видео тараган. Аталган факты боюнча текшерүү иштери башталып, милиция тарабынан видеодогу жарандар аныкталган. Алар жубайлар экени такталды.

"Аял жолдошуна карата эч кандай доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан", - дешти милициядан.

Топтолгон материалдардын негизинде 1986-жылы туулган Д.Р. аттуу жаранга карата 71-берене (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) менен протокол түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.

Аталган жаран буга чейин да үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгү үчүн 3 суткага камакка алынып, жубайына убактылуу коргоо ордери берилгени маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18402