Бишкекте 6 жашар кызга ыдык көрсөткөнгө шектүү кармалды
19
Бишкекте 6 жашар кызды зордуктоо аракети болгону тууралуу видео соцтармактарга тараган. Кийинчерээк шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан шектүү кармалганын кабарлады.
Белгиленгендей, С.Б. аттуу жаран тергөө кызматына арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 4-июлунда болжол менен саат 06:00 чамасында белгисиз жаран анын жашы жете элек кызына карата ыплас аракеттерди жасаганын билдирген.
Аталган факты боюнча 158-берене ("Бузукулук аракеттери") менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизалардын жана башка тергөө аракеттеринин жыйынтыгында 1996-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18404