Президент Ысык-Көлдө эл аралык деңгээлдеги гольф-клубду ачты
Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылыш аземи болду.
"Ынтымак Ордодон" кабарлашкандай, иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.
"Жакынкы келечекте бул гольф-клуб эл аралык турнирлерди өткөрүүчү абройлуу борборлордун бирине айланарына, Кыргызстанды дүйнөлүк гольф картасында таанытууга олуттуу салым кошоруна үмүтүм чоң.
Азыр биз катардагы эле жаңы спорт объектисин пайдаланууга берип жаткан жерибиз жок. Бүгүнкү спорттук жаңылык – Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейип жаткандыгынын, туризм тармагынын өнүгүшүнүн дагы бир айкын далили", - деди Жапаров.
Салтанаттын соңунда мамлекет башчылары алгачкы символикалык сокку жасап, гольф-резортту расмий ачышты.