Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгы боюнча документтерге кол коюлду
86
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлду.
"Ынтымак Ордодон" билдиришкендей, мамлекет башчылар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту. Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюу аземи өттү:- эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө макулдашуу;
- энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата жол картасы;
- 2024-2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча жол картасы;
- 2022-жылдын 11-октябрындагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу экинчи кошумча макулдашуу;
- жүк ташуу, кеме жүрүшү жана кеме куруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- статистика жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- киберкоопсуздук тармагындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Ош шаары менен Гянжа шаарынын (Азербайжан) ортосунда кызматташтыкты жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Каракол шаары менен Габала шаарынын (Азербайжан) ортосунда өз ара кызматташтык жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө меморандум;
- Чолпон-Ата шаары менен Шуша шаарынын (Азербайжан) ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- өлкөнүнмФинансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Азербайжандын Борбордук банкынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен "АзерГолд" жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18408