Талас дарыясына аккан өспүрүмдү издөө иштери күчөтүлдү
RU

Талас дарыясына аккан өспүрүмдү издөө иштери күчөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас дарыясына агып кеткен Тимур уулу Байэлди издөө иштери облустук деңгээлде уюштурулуп, күчөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгы билдирди.

Издөө иштерине президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Жумабеков, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Урматбек Имашов, Мамлекеттик Чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармылыгынын башчысы Үметалиев Тимур, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунун тургундары катышууда.

Ошондой эле 100 куткаруучу, 12 чек арачы, 20 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундар менен биргеликте жалпы 900гө жакын адам катышууда.

Белгилей кетсек, 15 жаштагы өспүрүм 23-июнда Талас дарыясына агып кеткен. Ушул мезгил аралыгында издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18409