Экоактивист Нарын суусунун жээги таштандыга толгонун, тазалоого күч керек экенин айтты
9
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Разан-Сай айылынан өткөн Нарын суусунун жээги таштандыга толуп калган. Бул тууралуу экоактивист Бакыт Өмүрбаев редакцияга кабарлап, суунун жээгин тазалоону ниет кылып жатканын билдирди.
Айтымында, суунун боюнда пластиктерден тышкары тамак-аш калдыктары да жатат.
"Дарбыздын калдыгын мал жеп кетет деп таштап кетишет. Аны уйлар жебейт. Эс алганы, балык кармаганы келип таштандыны таштап кетишет, уят да ушундай кылган", - деди ал.
Экоактивист Нарын суусунун жээгин тазалоого кошумча күч керек экенин, таштанды көп болгондуктан аны чыгарып кетүү дагы маселе жаратып жатканын белгилеп, ыктыярчылардан жардам күтөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18412
