Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана ачылды
RU

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө бир нече президенттин катышуусунда беш жылдыздуу мейманкана ачылды.

"Ынтымак Ордодон" кабарлашкандай, мейманкананын расмий ачылыш аземине Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары катышып, инфраструктурасы менен таанышышты.

Долбоор кыргыз-азербайжан инвестициялык кызматташтыгы аркылуу ишке ашырылган. Baku Resort & Spa - курорттун курамына мейманкана, коттедждер, конгресс-холл, ден соолукту чыңдоо борбору, спорттук жана көңүл ачуучу инфраструктура объекттери, ошондой эле көрктөндүрүлгөн жээк аймагы кирет. Комплекс жыл бою конокторду кабыл алууга, ошондой эле эл аралык, ишкердик жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18415