Ысык-Көлдө "Формула-1 H2O" мелдеши башталды
Бүгүн, 1-августта "Формула-1 H2O" мелдешинин расмий ачылышына президент Садыр Жапаров старт берди.
Өлкө башчы иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн ачып жатып, бул өзгөчө маанилүү окуя экенин жана өлкө тарыхында биринчи жолу суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатынын этабын - Кыргызстандын Гран-присин кабыл алып жатканын айтты.
Жарыштар көптөгөн көрүүчүлөрдүн жана расмий делегациялардын катышуусунда өтүп жатат. Мелдешти көрүүгө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери келишти.Деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкан Ысык-Көл "Суудагы Формула-1" боюнча дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң бийик тоолуу жарыш трассасы болуп калат. Бул спортчулар, инженерлер жана техникалык командалар үчүн таптакыр жаңы шарт болуп саналат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18418