Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери кайра күчөтүлдү
RU

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери кайра күчөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас дарыясында изделип жаткан Тимур уулу Байэлди табуу иштери кайрадан активдүү жүргүзүлө баштады. Буга чейин суунун деңгээли жогору болгондуктан издөө чектелген тартипте жүрүп келген.

31-июлдан тартып дарыядагы суу азайып, агымы басаңдагандан кийин куткаруучулар издөө иштерин күчөтүштү. Учурда дарыянын жээктери жана кооптуу тилкелери кылдат текшерилип жатат.

Издөөгө ӨКМ, ИИМ, Чек ара кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярчылар тартылган. Атайын техникалар да колдонулууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18420