Ысык-Көлдө унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти (видео)
17
Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбө Kaktus.media редакциясына билдирген.
Маалыматка караганда, кырсык 2-августта түшкө жакын болгон. Алдын ала маалымат боюнча, бир адам тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Дагы бир адам кырсыктан кийин жерде жатканын күбөлөр билдиришкен.
Видеодон унаа катуу ылдамдыкта жолдон чыгып, оодарылып кеткенин көрүүгө болот. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18422