Аламүдүндө эс-учун жоготкон абалда табылган өспүрүм боюнча милиция маалымат берди
Аламүдүн районундагы Арашан айылында өспүрүм эс-учун жоготкон абалда табылды. Чүй облустук милициясынын алдын ала маалыматы боюнча, аны теңтуштары таштап кетишкен.
Кабарлангандай, 2010-жылы туулган Ж.А. 31-июлда тез жардам бригадасы аркылуу Чүй аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал Арашан айылындагы көчөлөрдүн биринде эс-учун жоготкон абалда табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жашы жете электи окуядан бир аз мурун чогуу жашап жүргөн тааныштары таштап кетишкен.
"Ооруканага түшкөндөн кийин дарыгерлер психотроптук зат менен ууланууга шектүү деген алдын ала диагноз коюшкан. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазылып, тергөө жүрүп жатат", - дешет милициядан.
Учурда бала эсине келип, өмүрүнө жана ден соолугуна эч кандай коркунуч жок экени кабарланды.
Милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн зарыл болгон иликтөөлөрдү жүргүзүп жатышат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
