Улуттук банк алтын монетаны жүгүртүүгө чыгарды
18
Улуттук банк 3-августунан тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
Улуттук банктан белгилешкендей, "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" коллекциялык монетасы өлкөнүн аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Тема боюнча:
Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 99 460 сом баасында иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин сатылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18427
