Мурдагы судья майда бейбаштык боюнча акталды
2018-жылы Ысык-Көлдүн "Ак-Суу" санаторийинде прокурор чуу чыгарды делген видео тараган. Кийинчерээк жаңжал салган киши Каракол шаардык сотунун судьясы Ильяс Иманбеков экени белгилүү болгон.
Кийин Ысык-Көл облустук соту Иманбековдун судьялык мөөнөтү 24-августта аяктаганын жана ал Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан өткөрүлгөн сынактан кулап калганын билдирген. Ошондой эле ал 20-августтан бери ооруп жатканына байланыштуу өргүүдө жүргөнүн кошумчалаган.
Бүгүн, 3-августта белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБи тарабынан Ильяс Иманбековго карата козголгон "Майда бейбаштык" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган. Соттун өкүмүндө санаторийдин кызматкерлеринин эч кандай дооматы жок экени, ал кечирим сураганы айтылган.
