Бишкектеги көлмөдө лотостор гүлдөдү. Сүрөт
12
Бишкектин Элебесов жана Аул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көлмөдө лотостор гүлдөп, айланага көрк кошуп жатат. Мэриядан билдиришкендей, аймакты көрктөндүрүү иштерин калаа башчысы Айбек Жунушалиев көрүп чыкты.
Маалым болгондой, буга чейин ӨКМ тарабынан аймакты санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
"Учурда "Кызыл Тоо" ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан көлмөнүн түштүк бөлүгүн көрктөндүрүү иштери аткарылууда: 51 түп арча отургузулуп, отургучтарды орнотуу уланууда, ошондой эле тротуардын таман таштарын жана бордюр таштарын төшөө иштери жыйынтыкталды", - дешет мэриядан.
Мындан тышкары көлмөнү жээктей өтүүчү тротуарга асфальт төшөө үчүн аймакты даярдоо иштери аткарылды. Учурда тазалоо жана көрктөндүрүү иштери улантылып жатканы белгилүү болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18435