Күзүндө пенсия канча сомго көбөйө турганы айтылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмү олуттуу көбөйөрүн билдирди. Бул тууралуу ал "Кабар подкаст" берүүсүндө айткан.
Касымалиев белгилегендей, учурда пенсиянын минималдуу өлчөмү 7100 сомду түзсө, көбөйгөндөн кийин 8800 сом болот.
Мрда пенсияга жыл сайын 200-300 сом, эң көп дегенде 500 сом кошулса, эми 1-октябрдан тарта 1700 сом кошулат деген Касымалиев.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18441
