Бишкекте жер алдындагы өтмөктөрдүн курулушуна байланыштуу бир нече көчөгө чектөө кирет
RU

Бишкекте жер алдындагы өтмөктөрдүн курулушуна байланыштуу бир нече көчөгө чектөө кирет

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте жер алдындагы 6 өтмөк курулат. Буга байланыштуу 5-августтан баштап айрым жол тилкелеринде этап-этабы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жер алдындагы жаңы өтмөктөр төмөнкү аймактарда курулат:

  • Анкара көчөсүндө "Глобус" соода борборунун жанында;
  • Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;
  • 7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
  • Байтик баатыр көчөсүндө курулуп жаткан мечиттин жанында;
  • Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде;
  • Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бул мезгилде Бишкек мэриясы тургундардан жана коноктордон убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18446