Манас шаарында коомдук жайда түкүргөн кыз 3 суткага камалды
RU

Манас шаарында коомдук жайда түкүргөн кыз 3 суткага камалды

Все самое интересное в Telegram

Манас шаарында коомдук жайда түкүрүп, видео тарткан кыз 3 суткага камалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалым болгондой, Манас шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан жаран А.М. аттуу жаран аныкталып, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү материалдар топтолгон.

"Манас шаардык соту тарабынан А.М. 3 суткага камакка алуу түрүндөгү жаза чарасы колдонулду. Ошондой эле мыйзам бузган жаран жоругу үчүн коомчулуктан кечирим сурады", - дешет милициядан.

Башкармалык жарандарды коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого жана коомдук тартипти бузбоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18449