Улуттук каналдын "Телекүзөт" программасынын редактору сабалды
RU

Улуттук каналдын "Телекүзөт" программасынын редактору сабалды

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте УТРКнын "Телекүзөт" программасынын редакторун сабаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 5-августта тартуу иштеринин жүрүшүндө болгон. Анда белгисиз жаран журналистке кол көтөрүп, бир нече жолу муштум менен согуп, жараткан келтирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалганы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18458