Бишкекте спортчуларга авиабилет алып бербей, алдап кетти делген аял кармалды
RU

Бишкекте спортчуларга авиабилет алып бербей, алдап кетти делген аял кармалды

Все самое интересное в Telegram

Бишкекте таэквондочулардын Азия чемпионатына убагында уча албай калганына байланыштуу 33 жаштагы аял кармалды. Ал алдамчылыкка шектелгенин Биринчи Май РИИБден кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 4-августта 25тен ашуун жаран милицияга арызданган. Анда С.Н. аттуу аял авиабилет алып берем деген шылтоо менен акча алып, өз милдеттерин аткарбай койгонун билдиришкен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 2 миллион 100 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча 209-берене (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда. Биринчи Май РИИБи шектүүнүн аракеттеринен жабыркаган жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга чакырды.

Буга чейин Кыргызстандын таэквондо боюнча курама командасы алдамчылардын айынан Монголиядагы чемпионатка убагында уча албай калганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18452