Human дегендин "Хуйман" деди. Өмүрбек Бакиров өзүнүн жаңылып алганына комментарий берди.
RU

Human дегендин "Хуйман" деди. Өмүрбек Бакиров өзүнүн жаңылып алганына комментарий берди.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Өмүрбек Бакиров Human медициналык борбордун аталышын туура эмес айтып алганына комментарий берди.

"Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында саламаттыкты сактоо министрине суроо берип жатып, жеке менчик лабараториялардын ишмердүүлүгу боюнча маселе көтөруп жатып, лабараториянын чет тилдеги аталышын атоо мен үчун кыйынчылык жаратты. Бул социалдык тармактарда, коомчулукта ЖМКларда талкуу жаратты. Биз эне тилинде сүйлөп жатып жаңылып кетсек, бир жөн эле. Чет тилинде бир тамгада жаңылып кеткениме көңүл бурбай сөздүн маанисине көңүл бурушуңарды суранам. ПЦР тест 1700 сомдон 2000 сомго чейин турат. Ошол каражат кимге түшөт, жеке адамдардын чөнтөгүнө каражат кетип жаткандыгы боюнча сүйлөдүм. Ошол боюнча маселел көтөрүп чыккам", - деди Бакиров.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеште өткөн жыйында депутат Human медициналык борбордун аталывшын жаңылып айтып алды. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратып, мемдердин пайда болушуна түрткү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1901