Эми дыйкандар митингге чыгышты. Алар сугат суу маселесин чечип берүүнү өтүнүүдө
RU

Эми дыйкандар митингге чыгышты. Алар сугат суу маселесин чечип берүүнү өтүнүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-июнда, Өкмөт үйүнүн алдында Чүй районунун бир нече айылдарынын дыйкандарынын митинги өтүп жатат. Ага 50дөй адам чогулган.

Эгин талаалары кургакчылыктан какжырап жаткандыктан, дыйкандар өкмөттөн сугат суу маселесин чечип берүүнү суранышууда.

Митингге чыккандардын бири эки айдан бери сугат суусу жоктугун, андан бүтүндөй чарба жабыр тартып жаткандыгын белгиледи. Буга чейин бийлик көйгөйдү чечебиз деп убада берген, бирок алар бул үчүн эч нерсе кылышкан жок.

"Баардыгы куурап калмай болду, жүгөрүм суусуз куручудай. Баарыбыздын кредитибиз бар, биз кантип төлөйбүз? БЧК сууга толуп кетти. Суу берип койгулачы. Кийин кантип кыштайбыз?" - деп арыз муңун билдирди Ленин айылынын дагы бир фермери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1962