Жапаров менен Эрдогандын жолугушуусу - кандай документтерге кол коюлду?
RU

Жапаров менен Эрдогандын жолугушуусу - кандай документтерге кол коюлду?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында ар кандай тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошентип, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол;
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы протокол жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү.

Ошол эле учурда, тараптар эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда расмий сапардын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташтык жөнүндө макулдашылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1993