Адам өлүмдөн коркуп, мээсинин бир бөлүгүн алдырып салган
RU

Адам өлүмдөн коркуп, мээсинин бир бөлүгүн алдырып салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нью-Йорктун 32 жаштагы тургуну Жоди Смит өлүмдөн коркуу сезиминен арылуу үчүн мээсинин бир бөлүгүн өз ыктыяры менен алып салгандыгын Mash Telegram каналы билдирди.

Портал эркек киши 26 жашынан бери талма оорусу менен жабыркап, өлүмдөн коркуу сезимин башынан кечиргенин маалымдайт. Ал жөнүндө дайыма ойлонуп, толук кандуу жашоого тоскоол болуп келген. Дарыгерлер Смиттин катуу коркконунун так себебин аныктай алышкан эмес.

"Таблеткалар жардам бербейт экен деп дарыгерлер алакан жайышкан" деди Джоди.

Дарыгерлер операция жасашты, операциядан кийин Джодинин эс тутуму анча-мынча жабыркаган, бирок өлүмдөн коркуу сезими жоголду.

Нейрохирургдар мындай операция эпилепсия менен ооруган көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала тургандыгын белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2042