Эс-учун жоготкон адам Улуттук госпиталга жаткырылды. Балким бирөө жарым издеп жаткандыр?
RU

Эс-учун жоготкон адам Улуттук госпиталга жаткырылды. Балким бирөө жарым издеп жаткандыр?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө белгисиз адам келип түшкөн. Дарыгерлер анын өздүгүн тактоого жана туугандарын табууга жардам сурап жатышат. Маалымат "KG дарыгерлери - саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жамааты" тобунда жайгаштырылган.

Анын 50-55 жаштагы көрүнгөнү көрсөтүлгөн. Эркек кишини тез жардам тобу ооруканага алып келип, Юнусалиев / Саманчиевден эс-учун жоготкон абалда табышкан.

Азыр ал адам өзүнө келди, бирок сүйлөй албай жатат.

"Милицияга бир нече жолу арыз берилген. Бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жаңылык жок. Маалыматы барлар төмөнкү номурларга байланышыңыз: 0312 66 64 03, 0312 62 24 64", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2045