Новосибирск шаарындагы жардыруудан Кыргызстандын үч жараны жабыркады
RU

Новосибирск шаарындагы жардыруудан Кыргызстандын үч жараны жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуя болгон жерде кыргыздар компактуу жашаган аймакка жакын болгондуктан Кыргызстандын үч жараны ар кандай деңгээлдеги жаракат (күйүк) алганы аныкталды.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасына барып жабыркаган кыргызстандыктардщын өздүгүн такташкан.

  • 1968-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну У.О. (денесинин 20% га жакыны күйүк алган).
  • Экинчи жаран, 2001-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну А.уулу Н., жеңил күйүк (5% га жакын), алган жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, үйүнө чыгарылган.
  • Үчүнчү Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну, 1988-жылы туулган А.Б., жеңил күйүк (болжол менен 7%) алып, шок абалда болгондуктан, кырсык орун алган жерден кетип калган. Кийинчерээк Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле, өрттүн жана жарылуунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана Кыргыз Республикасынын жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталды. Бул жарандар тез арада эвакуацияланганга жетишишкен. Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугушуу өткөрүшүп, паспорту күйүп кеткен бир жарандын өздүгүн аныктоочу документин Башкы консулдук кыска убакыт ичинде калыбына келтирүү үчүн тиешеллүү иш-аракеттерди көрмөкчү.

Азыркы учурда Башкы консулдук Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Новосибирск облусундагы Башкы башкармалыгынын ыкчам штабы, саламаттыкты сактоо жана полиция органдары, кыргыз диаспорасы менен тыгыз байланышып жана башка (мүмкүн болгон) жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын тактоо боюнча иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2074