Эмнеге сабиз мынча кымбат? Тажикстандын буга кандай тиешеси бар?
RU

Эмнеге сабиз мынча кымбат? Тажикстандын буга кандай тиешеси бар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл сабиздин баасы кымбаттыгы жагынан бардык рекорддорду ашып түштү. Тарыхта биринчи жолу килограмын 100 сомдон сатып алып жатабыз.

Өткөн жылы эле конокторду плов баса калып, тосуп алса болот болчу. Быйыл аш басуу өтө кымбат тамктардын катарын толуктады. Анткени эт, күрүч, суу майдын баалары эки эсеге көтөрүлдү. Эми, сабиз да 5 эсеге кымбат сатылып жатат.

Kaktus.media кайрадан базар кыдырып, бааларды сураштырды.

Жер жемиштер кымбат, ал эми мөмө жемиштердин баасы мурункудй эле.

Орто-Сай базарында сабизди табуу мүмкүн эмес. Күн санап запастар азайып барат. Аламедин жана Ош базарында азырынча сабиз бар, бирок баасы да кымбат.

Сатуучулар элди чоочутпайын деп бааларын алып салышкан. Нааразы болгондорго эле сабиз жок, дефицит болуп жатат, жакында такыр калбай калат, деп түшүндүрүп жатышат.

"Биздеги сабиздин бардыгын Казакстан менен Россияга сатып салышкан экен, ал эми өзүбүзгө эч нерсе калбай калды. Дыйкандардын бардыгы экспортко иштешет да, анткени сыртка кымбатыраак сатышат, көбүрөөк пайда көрүшөт. Бизге калдыктары эле калат. Аларды да түшүнсө болот, бардыгыбыз эле акча табууну көздөп жатабыз", - дейт соодагерлер.

Башка сатуучулардын айтымында, сабиздин тартыштыгы Тажикстан менен болгон чыр-чатакка байланыштуу.

"Бул учурда Тажикстандан келген сабизди сатчубуз. Ал жакта эртерээк бышат да. Бирок азыр чек ара жабык, товар ташыбай калышты. Ал эми жергиликтүү жетиле элек, ошондуктан базарга чыга элек. Былтыркы сабизге суроо-талап жогору болуп жеткирип берүүчүлөр бааларды асмандын башына көтөрүп салышты", - деп башкалар билдиришти.

Тажикстанда сабиз бизге караганда арзан.

Сатуучулардын божомолдоосунда бул убактылуу эле көрүнүш. Элге бир аз чыдап тургула деп кеңеш беришти. Жергиликтүү сабиз бышаары менен баалар кайра төмөн түшөт.

Базарларда былтыркы картошка да жок

Былтыркы пандемиянын айынан фермерлер жетишээрлик деңгээлде картошка айдай алышкан эмес. Бир жылдык запас тез эле түгөнүп калды.

Соодагерлердин айтымында, картошка да жалаң Россияга экспорттолгон.

А бирок, быйыл алча кенен. Анын баасы 70 сомдон тартып 150 сомго чейин.

Башка жер жемиш жана мөмө жемиштердин баалары былтыркыдай эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2095