Эл өкүлдөрү бейөкмөт уюмдардын акчасы боюнча эсеп берүүгө милдеттендирген мыйзамды колдоду
RU

Эл өкүлдөрү бейөкмөт уюмдардын акчасы боюнча эсеп берүүгө милдеттендирген мыйзамды колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты.

Мыйзам долбооруна ылайык, акысыз негизде берилген каражаттардын эсебинен иш алып барган коммерциялык эмес уюм жыл сайын акча каражаттарынын пайда болуу булактары жана багыттары жөнүндө маалымат берет.

Долбоордо коммерциялык эмес уюмдун кирешесинин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле анын мүлкү коммерциялык сырдын объектиси боло албай турган эреже каралган.

Демилгечилердин айтымында, мындай чара аймактык тескөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга, ошого жараша калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишеним индексин бекемдөөгө багытталган кеңири жайылган эл аралык практика болуп саналат.

Демилгечилер - Бакытбек Райымкулов, Умбетылы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова, Аида Исмаилова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2123