Германиянын бийликтери Орхан Инандынын жоголуп кетишине да тынчсызданууда
RU

Германиянын бийликтери Орхан Инандынын жоголуп кетишине да тынчсызданууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Германиянын бийлиги Бишкекте жоголуп кеткен Орхан Инандынын тагдырына дагы кызыкдар. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасынын түрк тилдүү версиясы билдирет.

Германиянын Федералдык Өкмөтү жакында кыргыз бийлигине тиешелүү суроо-талап жөнөткөнү белгилүү болду. Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Мигель Бергер Германиянын өкмөтү менен Кыргызстандын өкмөтүнүн өкүлдөрү Орхан Инандынын ишин талкуулашканын, ал жөнүндө 1-июнда жоголгондон кийин эч нерсе белгисиз экендигин билдирди.

Мигель Бергер дагы деле болсо белгисиз болгон бул иш боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы дагы, Кыргызстандын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы дагы бул маселе боюнча Германия өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришкен жок.

Эске салсак, Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. 31-май күнү кечинде ал өзүнүн Lexus GX470 унаасы менен үйдөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнда таңкы саат төрттөрдө анын жол тандабас унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган. Азыр полиция Инанданы издөөнү улантууда. Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Рейхан Инанды күйөөсү Түркиянын элчилигинин аймагында болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Түркияда эки өлкөнүн президенттери Инандынын жоголушу боюнча маселени талкуулашты. Режеп Эрдоган ФЕТӨ жөнүндө терс сөздөрдү айтты. "Сапат" лицейлеринин окуучуларынын ата-энелери Инандыны табуу талабы менен митингдерге чыгышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2156