Садыр Жапаров Эбрахим Раисини Ирандын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров Эбрахим Раисини Ирандын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Эбрахим Раисини Иран Ислам Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланышы менен куттуктады.

"Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы мамилелер ар дайым өз ара колдоого жана ишенимге негизделген. Биздин конструктивдүү кызматташтыгыбыз Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди эки тараптуу жана көп тараптуу негизде өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенем" деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Эбрахим Раисиге чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгилик, ал эми Иран элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2179