Ишенсеңиз да, ишенбесеңиз дагы бир жолу "Ата Мекен" фракциясы лидерин алмаштырышты
RU

Ишенсеңиз да, ишенбесеңиз дагы бир жолу "Ата Мекен" фракциясы лидерин алмаштырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын кезексиз жыйынында депутаттар фракциянын жаңы лидерин жана анын орун басарын шайлашты. Эскерте кетсек, буга чейин фракция Сайдулла Нышановго жана анын орун басары Шайлообек Атазовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.

Фракция Шерала Абдылдаевди лидер кылып тандап, Наталья Никитенко лидердин орун басары болуп калды.

Фракция 11 кишиден турат. 5-январда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын башчылыгына Айсулуу Мамашованы шайлангандыгын жарыялаган. Бирок, Нышановдун айтымында, ЖКнын регламенти боюнча, шайлоочулар менен жолугушуу мезгилинде фракция лидерлери алмашышы мүмкүн эмес. Шайлоочулар менен жолугушуулар 30-декабрдан 8-январга чейин өткөрүлгөндүктөн, Мамашованы фракциянын лидери кылып дайындоо чечими бузулган.

Ал эми 30-мартта Нышанов фракциянын лидери болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2193