Бишкекте патрулчу жеңил унаанын жүргүнчүсү менен мушташып кете жаздады. Муну чагым дешти
RU

Бишкекте патрулчу жеңил унаанын жүргүнчүсү менен мушташып кете жаздады. Муну чагым дешти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кайгуулчу туура эмес жерге токтотулган унаанын айдоочусу менен мушташып кете жаздаган видеолор интернет колдонуучуларынын арасында желдей тарады.

Кадрларга караганда, алгач патрулчу айдоочудан документтерин көрсөтүүсүн суранат, бирок ал: "Эмне кыласың?" Деп жооп берет.

Андан кийин кайгуулчунун: "Эмне кыла аласың?", - деп жооп берип, айдоочунун жакасынан кармады. Аларды башка кайгуулчу жана формачан полиция кызматкери бөлштүрүп калган.

Кайгуул кызматы белгиленгендей, бул видео ушул жылдын 18-июнь күнү саат 05:20 чамасында тартылган. Патрул кызматкерлери чакыруу боюнча келишкен, андан кийин жолдун четинде туура эмес токтоп турган унаага протокол түзүп жатканда, эреже бузган айдоочунун жүргүнчүлөрү инспекторлорду атайылап чагымчылдыкка түртө башташкан. Мындан улам, бул жаңжал келип чыккан.

Түшүндүрүү жана профилактикалык баарлашуудан кийин айдоочу Патрулдук милициядан кечирим сураган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2226