Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Делегациянын курамында кимдер бар (тизме)
RU

Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Делегациянын курамында кимдер бар (тизме)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эки күндүк расмий иш сапары менен Түркмөнстанга, Ашхабад шаарына учуп кетти.

Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ишине катышат, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп чыгат.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров биринчи Президент Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана Turkmenbashynin Ruhy Metjidi мечитине барып, Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коет.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
  • Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талант Султанов;
  • Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2265