Түркмөнстан Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана курат
RU

Түркмөнстан Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана курат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун аймагында беш жылдыздуу мейманкана куруу пландалууда. Бул тууралуу Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон эки тараптуу документтердин тизмесинен белгилүү болду.

Бул долбоордун деталдары азырынча белгисиз. Ошондой эле ал кыргыз-түркмөн биргелешкен долбоору болобу же ал бир гана Түркмөнстанга таандыкпы белгисиз. Жарыяланган документтердин тизмесинде ал беш жылдыздуу мейманканасы бар ден-соолукту чыңдоочу комплекс экени айтылган.

Бирок буга чейин эки президенттин биргелешкен билдирүүсүндө, бул жөн гана ден-соолукту чыңдоочу комплекс эмес, "Түркмөнстан" деп аталган бүтүндөй курорттук-рекреациялык чөйрө экени айтылган. Курорттун жана рекреациялык чөйрөнүн ден-соолукту чыңдоо комплексинен айырмасы, анда санаторийлик-курорттук дарылоодон тышкары, ага туризм, ышкыбоздор спорту, аңчылык, балык уулоо ж.б. кирет. Бул үчүн пансионат же санаторий курулуп жаткан мезгилге караганда чонураак аянт бөлүнүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2289