Зерикти окшойт? Жогорку Кеңештин жыйынында чиновник боёнуп,майпаңдап курут жеди (видео)
RU

Зерикти окшойт? Жогорку Кеңештин жыйынында чиновник боёнуп,майпаңдап курут жеди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун карады. Бул сапар дагы жолугушуу кызык окуя менен коштолду.

Мыйзам долбоорун Башкы прокурор Курманкул Зулушев тааныштырды. Жолугушууга ошондой эле көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлери жана документти иштеп чыгууга катышкан эксперттер катышты. Алардын бири көңүлдү өзүнө бура алды.

Суроо-жооп учурунда аял улам-улам кол саатын карап, столдун үстүндөгү буюмдарды кайрадан жайгаштырган. Бир убакта ал помада менен оозун боёп, курут жейм деп чечти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2320