Эрик Бейшембиев Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду. Ордуна ким барат
RU

Эрик Бейшембиев Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду. Ордуна ким барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эрик Бейшембиев Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык Бейшембиев Эрик Айдарканович Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2373