Калининградда мигранттарга таксист, айдоочу жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды
RU

Калининградда мигранттарга таксист, айдоочу жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Федерациясынын Калининград облусунда чет элдик жарандарга таксист, автобус айдоочусу, мугалим, наабайчы, кондитер жана тарбиячы болуп иштөөгө тыюу салынды. Мындай жарлыкка облустук губернатор Антон Алиханов кол койду.

Ошондой эле мигранттарга убактылуу турак-жай берүүгө жана башка жарандарды жумушка алууга, кызматкерлерди тартууга тыюу салынат.

Жарлык үч айдан кийин күчүнө кирет жана бир жыл бою күчүндө болот. Калининград бийлиги белгилегендей, жарлыктын аткарылышын үч айга кечиктирүү иш берүүчүлөр өз ишин жаңы талаптарга ылайыкташтырышы үчүн киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2389