Садыр Жапаров Жозеф Байденге ыраазычылыгын билдирди
RU

Садыр Жапаров Жозеф Байденге ыраазычылыгын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров АКШнын Президенти Джозеф Робинетт Байденди улуттук майрамы - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизди АКШнын улуттук майрамы - Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Учурдан пайдаланып, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланганыңыздан кийин, визалык чектөөлөрдү алып салганыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жакшы негиз болот деп ишенем.

Ошондой эле, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү боюнча ишин уланта берет деп ишендирем ", - деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Жозеф Байденге чың ден-соолук жана ишине ийгилик, ал эми АКШ элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2393