Эксперттер шаардык кеңештерге кайталап шайлоого катышуу аз болорун божомолдошууда
RU

Эксперттер шаардык кеңештерге кайталап шайлоого катышуу аз болорун божомолдошууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары жакында боло турган шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоочулардын гана эмес, саясий партиялардын да активдүүлүгү төмөндөгөнүн белгилешти. Бул тууралуу фонддун сайтында жарыяланган 21-июндан 4-июлга чейинки мезгил ичиндеги фонддун алдын ала отчетунда айтылат.

Шайлоо алдындагы мезгил оор мезгилге туш келди: COVID-19 эпидемиясынын үчүнчү толкунунун туу чокусу, өлкөдөгү курч коомдук-саясий кырдаал, саясий реформалар жана жайкы мезгил. Ошондуктан байкоочулар шайлоого аз катышып жатат деп болжолдоп жатышат. Сурамжыланган саясий партиялар негизги көйгөйдү шайлоочулардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө маалыматынын төмөндүгү жана мындай шартта үгүт иштерин жүргүзүү кыйын деп аташты.

Фонддун байкоочулары жеке тараптар тарабынан административдик ресурсту колдонуунун жана паракорчулуктун Бишкек, Токмак жана Ош шаарларындагы үй жана райондук комитеттеринин башчыларынын катышуусу менен жүргүзүлүп келе жаткан практиканы белгилешти. Кайра шайлоодо паракорчулук жашыруун формаларга ээ болуп жаткандыгы жана өткөн жергиликтүү шайлоолордо катталган мыйзам бузуулар боюнча тергөө иштери аягына чыга электиги баса белгиленди.

Отчеттун толук версиясын төмөндөгү тиркелген документтен табууга болот:

Тиркелген файлдар
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2431