"Алгач жайбаракат сураган" БШКнын депутаты Канатбек Мүзүралиев эмнеге жолчуларды сөккөн?
RU

"Алгач жайбаракат сураган" БШКнын депутаты Канатбек Мүзүралиев эмнеге жолчуларды сөккөн?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңешинин мурунку спикери Канатбек Музуралиевдин жол жумушчуларын кантип сөгүп жаткандыгы тууралуу видеотасманы окурман Kaktus.media редакциясына жөнөткөн.

"Окуя бир күн мурун Матросов көчөсүндө болгон. Адамдар ушунчалык ысыкта иштешет, ал эми бул депутат спорттук кийимчен унаа менен келип, сөгүнгөн. Бул жөнөкөй жумушчулар үчүн уят иш", - деди шаардык аял ачууланып.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев окуя боюнча Kaktus.media сайтына комментарий берди.

"Кечээ, беш айлык балам экөөбүз массажга барганбыз. Ал жакка бара жатканда, жол ачык болчу, бирок кайра кайтып келе жатып так биз өтөөрдө өтмөктү жаап салышкан. Алгач мен жайбаракат сурандым, бирок жумушчулар макул болгон жок. Көчө туюк болгондуктан, биз экинчи тараптан чыга албай калдык, Ал аңгыча болбой дагы бир унаа келип калды, анын ичинде кош бойлуу аял бар экен, экөөбүз жолду ачып берүүнү өтүндүк. Алар такыр макул болушкан жок. Ошондо мен ачууланып, сөгүнүп баштадым ", - деди Музуралиев.

Анын айтымында, акыры жумушчулар тоскоолдукту алып, жол беришкен.

"Эртең мененки саат сегизден бери иштеп жатышса, анда эмне үчүн алар өткөөлдү түшкү тамактан кийин жаап салышты? Бул менин кыжырымды келтирди. Сүйлөшүүбүздүн аягында элдешип, ажыраштык", - деп түшүндүрдү депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2448