Call-борбор: унаа жуучу жайды жапкандыгына байланыштуу аялдаманы алып салышкан
RU

Call-борбор: унаа жуучу жайды жапкандыгына байланыштуу аялдаманы алып салышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окурман Call-борборуна маалымат жөнөттү.

"Шералиева жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде (кесилиштин түштүк-чыгыш тарабы) аялдама курулду: чатыр менен эки отургуч орнотулган.Бирок жазында асфальтты бузуп, отургучтар менен бастырмаларды кыйып салышты ", - деди шаардык аял.

Анын айтымында, жашоочулар мэрияга бир нече жолу кайрылышкан, бирок алардын кайрылуулары көңүл сыртында калган.

"Кийинчерээк аялдаманын отургучтары менен чатыры "BAA" деп аталган унаа жуучу жайдын маңдай тарабын тосуп калгандыгына байланыштуу кесилгенин билдик. Биздин маалыматтарга караганда, айдоочуларга унаа жуучу жай көрүнбөй кардарлар келбей койгону ээлерине жаккан эмес", - дейт окурман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2500